Казакстанда атайын кызматтын башчысынын дагы бир орун басары камалды

  • 2 года мурун

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрага орун басары Даулет Эргожин соттун чечими менен камакка алынды.

Бул маалыматты жергиликтүү басылмалар 7-февралда таратышты.

«Сот К.Масимов, А.Садыкулов жана Д.Эргожинди камоого санкция бергенин кабарлайбыз. Кылмыш иши «купуя» болуп эсептелет» деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.Карим

Даулет Эргожин 2016-жылдын ноябрь айынан быйыл январга чейин атайын кызматтын башчысынын орун басары болгон. Ага чейин ал коопсуздук же укук коргоо органдарында иштеген эмес. Ал бул кызматка Карим Масимов УКК төрагалыгына дайындалгандан эки айдан кийин келген.

5-январда Казакстандын чыгышы менен түштүгүндөгү нааразылык акциялар кан төгүү менен аяктаган. Ошол кезде президент Касым-Жомарт Токаев мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевдин ишенимдүү өкүлү Карим Масимовду кызматтан алып, кийинчерээк ал камалган.

9-январда анын үч орун басары – Марат Усупов, Даулет Эргожин менен Ануар Садыкулов жумуштан бошотулган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты