Казакстан шахтасындагы кырсык: Алты кенчинин тек-жайы аныктала элек

  • 6 месяцев мурун

Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шарипханов 31-октябрга карата 45 кенчинин сөөгү жана каза болду деп болжолдонуп жаткан дагы бир шахтердун сөөгүнүн калдыктары табылганын билдирди.

Анын айтымында, каза болгон алты адамдын тек-жайы азырынча тактала элек. Аларды аныктоо үчүн керектүү экспертизалар жүргүзүлөт.

«Кырсыктын себептерин иликтөөнүн алкагында өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү шахтага түшүп чыкты. Биз абдан олуттуу кыйроону аныктадык. Тоо-кен жабдуулары иштебей калган. 15тен ашык изоляциялык тосмолор талкаланган. Желдетүүчү конструкциялар иштен чыккан» деди Шарипханов.

30-октябрда жергиликтүү басылмалар маркумдун жакындарына шилтеме жасап, 46-кенчинин сөөгү табылганы тууралуу кабарларды жарыялашкан. Бул маалымат расмий түрдө тастыкталган эмес.

Тергөө иштерине Казакстандын, ошондой эле «жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин» эксперттик уюмдары тартылганы кабарланууда.

Караганды облусундагы Костенко шахтасында 28-октябрга караган түнү жарылуу болгон. Кырсык учурунда жер астында 252 кенчи болгону, алардын 206сы өз алдынча чыгып кеткени кабарланган. Калгандары сыртка чыга албай калган.

Алдын ала маалымат боюнча, жарылууга көмүр казанынан чыккан өрт себеп болгон. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Кылмыш кодексинин “Тоо-кен же курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштаганын кабарлаган.

Шахтадагы жарылууга байланыштуу Казакстанда 29-октябрь – жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Президент Касым-Жомарт Токаев бул окуядан кийин Костенко шахтасын иштеткен “АрселорМитталТемиртау” компаниясы менен инвестициялык кызматташууну токтотуу тапшырмасын бергенин билдирген.

29-октябрда аталган компания билдирүү жарыялап, анда 2020-жылдан тартып ишканалардагы коопсуздук көрсөткүчтөрүн жакшыртууга басым жасала баштаганын белгилеген.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты