Кытайдагы шахтадагы кырсыкка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасы жиберилди   

  • 4 недели мурун

Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясындагы көмүр шахтасында газдын жарылышынын кесепетинен адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”деп айтылат телеграммада.

Кытыйдын Шаньси провинцясында газ жарылып, кеминде 90 киши каза тапты.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты