Каза тапкан Элдос Турсунбековго операция жасагандарды маркумдун жакындары кечиргенин айтты

  • 1 год мурун

Каза тапкан жаш флеболог-хирург Элдос Турсунбековго жеке клиникада ээгине чач көчүрүү операциясын жасагандарды маркумдун жакындары кечиргенин жана милицияга жазган арызды кайтарып алышаарын билдирди.

Ата-энеси, операция жасагандар маек берип, операцияга чейинки, операция учурундагы жана андан кийинки окуяларды айтып беришкен.

Ошол эле маегинде жакындары дарыгерлерге карата жазган арызын кайтарып алганы маалым болду.

Маркум Элдос Турсунбековдун агасы Тилек Мамбеталиев «Медиахабга» буларды билдирген:

-Бул маселе мындай болду. 8-майдагы окуя, операция боюнча бизде күмөндөр бар эле, ошол күмөндөрдү жоюу үчүн биз клиникага бардык, клиниканын ээси бизге толук видеолорду көрсөтүштү. «Тез жардамды» үч мүнөттөн кийин чакырышыптыр, «Тез жардам» 15 мүнөттүн ичинде келиптир. Ага чейин булар бардык аракетин көрүптүр, медсестра, бир врач Элдостун жанынан такыр кетпептир, бир врач — Санжар өзү, ары-бери чыгып-кирип, болгон аракетин жасаптыр, күбөлөр да эки бала болгон аракетин жасашканын айтты. Биздин күмөндөр болгонубуз, врачтар эмнеге ошол замат айтпайт дегенбиз, ошону да тактадык, эки бала ошол жерден ката кетирип, бизге айтпай, жүрүп алышыптыр. Тергөө менен да, милиция менен да, күбөлөр менен да сүйлөштүк. Ушундай окуялар сабак болсун дедик. Эл да колдоо көрсөттү. Бул клиника туура эмес иш кылган, лицензиясы болгон эмес экен. Бул балдар Элдос менен дос болгон, ата-энелери да келип, жыгылып кечирим сурашты. Элдостун ата-энеси бир жумадан кийин жибип, ал балдардын ата-энесине да боор оорушту, Санжардын эки баласы бар, үчүнчүсү бойдо экен. Ушу боюнча соттолуп кетиши мүмкүн экен балдар. Бизге соттоткондон пайда жок, баарыбыз мусулман экенбиз, кечиримдүү болгула дейт го. Инибиздин тагдыры ушундай, өмүрү кыска экен. Эки бала да башка операция жасабайбыз деп сөз беришти. Биз ушундай чечимге келдик. Кечээ келип, кечирим сурашты, ортого аалымдар да түштү. Арызды бербей эле коелу деп чечтик, -деди агасы Тилек Мамбеталиев.

Элдос Турсунбековго ээгине чач көчүрүү боюнча операция жасаган хирургдардын лицензиясы болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда, Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министрлигинин медициналык лицензиялоо жана фармацевтикалык кызмат башкармалыгынын башчысы Аман Осмонов билдирди.  

Аман Осмоновдун билдирүүсүнө караганда, окуя боюнча министрликте атайын комиссия түзүлүп, жеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө Горький көчөсү, 128 дарегинде жайгашкан Dita Clinic косметологиялык салонунун жетекчисинен Акматов Санжар деген бала ижарага бир бөлмө алып алып, медициналык ишмердик жүргүзгөнү аныкталды, 2025-жылдын 1-мартынан баштап.  Ошол эле учурда Dita Clinic ке 2024-жылы Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмасы менен текшерүү жүргүзгөндө, анын лицензиясы жок болгондугуна байланыштуу, штраф салганбыз жана ички иштер органдарына өткөргөндүгүбүз дагы аныкталды” деди башкармалыктын башчысы Осмонов.

“Операция жасаган врачтар лицензия алышкан эмес жана иштегендерине эки эле ай болгон. Барганда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, болгон документациянын баарын алып кетишиптир. Кошумча маалымат ала алган жокпуз. Санжар мырза менен да байланыша алган жокпуз” деди Осмонов.

Окуяны изилдөө боюнча жумушчу топтун ичинде саламаттык сактоо министрлигинен хирургдар, анезтезиологдор ж.б. адистер бар. Депутат Аида Исатбек кызы бул топко депутаттардан Аида Исатбек кызын, Советбек Рустамбек уулу, Айсулуу Турусбекова, Илим Кубанычбековду киргизүүнү сунуштады.    

Бишкекте 30 жаштагы ийгиликтүү врач-флеболог Элдос Турсунбеков каза тапкан. Ал сакал өстүрүү операциясы учурунда анафилактикалык шоктон көз жумган.

Атасы Элдос Турсунбековдун намаз окуп, ишенимине жараша, сакал коюу парз деп, балким ушул операцияга бел байлаганын айтат.

Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында кылмыш иши козголгону маалым болду.

Сүрөт: Элдос Турсунбековдун ФБ баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты