Бишкекте операциядан жаш врач-флеболог Элдос Турсунбеков каза тапкан

  • 2 месяца мурун

Бишкекте 30 жаштагы ийгиликтүү врач-флеболог Элдос Турсунбеков каза тапкан. Ал сакал өстүрүү операциясы учурунда анафилактикалык шоктон көз жумган.

Элдос Турсунбековдун жакындары анын эч кандай дарты болбогонун билдиришүүдө.

Жаш врачтын атасы Болотбек Мамбеталиев «Азаттык» радиосуна мындай деп айтып берген:  

«Биз эч нерсе билбей, күтүп отурабыз. Алар «Тез жардам», милиция чакыртыптыр. Анан сөөктү моргго алып кетет экен. Ал жерден бир медайым таанып, баламдын досуна айтыптыр. Райондук милицияга балдарымдын бири барса, «каза тапкан Элдостун туугандары келди» дешет. Эмне үчүн бизге кеч айтышат? Жашыруун тергөө дешет, дароо ачыгын айтпайт. Менин оюмча, булар документтерди даярдап, убакытты чоюшат. Менин суранарым, так изилдеп берсин. Кагазында жүрөгү жакшы иштебей калды деп жазышыптыр. Мурун андай проблемасы болгон эмес. Биздин оюбузча, булар туура эмес сайып алышкан бир нерсени».

Апасы Элдос Турсунбеков намаз окуп, ишенимине жараша, сакал коюу парз деп, балким ушул операцияга бел байлаганын айтат.

Социалдык тармактарда Элдос Турсунбеков активдүү болгону байкалат. Аймактарды да кыдырып иштеп, кан-тамырларынын дартынан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүп, операция жасап, жаш болсо да, ийгиликтүү дарыгер атыккан. Россиядан үйрөнүп келген тажрыйбасын Кыргызстанда ийгиликтүү колдонгон. Ал «каза тапты» деген 8-майдан бери кесиптештери, колунун эми тийгендер ал тууралуу жылуу пикирлерин жазып, операциядан көз жумушунун себеби дыкат иликтениши керектигин айтышууда.

Ал эми Элдос Турсунбеков операцияга алынган жеке клиниканын врачтары анын өлүмүнүн себеби тууралуу айта элек.

Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында кылмыш иши козголгону маалым болду.

Сүрөт: Элдос Турсунбековдун ФБ баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты