Бишкек мэри Насыйкат Баймырзаеванын операциясы үчүн жетишпеген каражатты жабууга даяр экенин билдирди
- 2 месяца мурун
Бишкек шаарынын мэр Айбек Жунушалиев кичинекей ырчы кыз Насыйкат Баймырзаеванын көзүнө операция жасатуу үчүн кайрадан каражат бөлүүгө даяр.
Бул тууралуу мэр Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн Насыйкат Баймырзаевага колдоо ирээтинде уюштурулган кайрымдуулук концертине катышуу учурунда билдирди.
«Биз жагдайды талкуулап, концерттен түшкөн каражат жана мэриянын резервдик фондунан буга чейин бөлүнгөн сумма операциянын бардык чыгымдарын толук жаба албай турганын аныктадык. Анткени кошумча чыгашалар да бар. Ушуга байланыштуу мен жетишпеген сумманы өз мойнума алууга даярмын» деди мэр.
Буга чейин Жаңы жыл алдында өлкөнүн башкы балатысынын жандыруу аземинде мэр Айбек Жунушалиев Насыйкат Баймырзаевага мэриянын резервдик фондунан акчалай сертификат тапшырган.
Насыйкат Баймырзаева №5 искусство мектебинде, азиз жана начар көргөн балдар үчүн интернатта окуйт. Ал бир катар эл аралык конкурстардын катышуучусу жана жеңүүчүсү болуп саналат.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




