Бишкек мэриясы Насыйкат Баймырзаевага көзүнө операция жасатуу үчүн каражат берди
- 4 недели мурун
- Видео
Жаңы жылдык балатыны жандыруу аземинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Насыйкат Баймырзаевага Бишкек шаарынын мэриясынын резервдик фондунан акчалай сертификат тапшырды.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, каражат көздүн чел кабыгын алмаштыруу операциясы үчүн зарыл.
Насыйкат Баймырзаева №5 искусство мектебинде жана азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн жатак мектепте билим алып, эл аралык сынактарга катышып келет.
15-декабрда Бишкек шаарында, “Ала-Тоо” аянтында балаты жарыгы жандырылды.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




