Каза тапкан врач Элдос Турсунбековго операция жасаган хирургдардын лицензиясы болгон эместиги айтылды
- 1 год мурун
Врач-флеболог Элдос Турсунбековго сакал жасоо боюнча операция жасаган хирургдардын лицензиясы болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда, Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министрлигинин медициналык лицензиялоо жана фармацевтикалык кызмат башкармалыгынын башчысы Аман Осмонов билдирди.
Аман Осмоновдун билдирүүсүнө караганда, окуя боюнча министрликте атайын комиссия түзүлүп, жеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү.
“Текшерүүнүн жүрүшүндө Горький көчөсү, 128 дарегинде жайгашкан Dita Clinic косметологиялык салонунун жетекчисинен Акматов Санжар деген бала ижарага бир бөлмө алып алып, медициналык ишмердик жүргүзгөнү аныкталды, 2025-жылдын 1-мартынан баштап. Ошол эле учурда Dita Clinic ке 2024-жылы Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмасы менен текшерүү жүргүзгөндө, анын лицензиясы жок болгондугуна байланыштуу, штраф салганбыз жана ички иштер органдарына өткөргөндүгүбүз дагы аныкталды” деди башкармалыктын башчысы Осмонов.
“Операция жасаган врачтар лицензия алышкан эмес жана иштегендерине эки эле ай болгон. Барганда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, болгон документациянын баарын алып кетишиптир. Кошумча маалымат ала алган жокпуз. Санжар мырза менен да байланыша алган жокпуз” деди Осмонов.
Окуяны изилдөө боюнча жумушчу топтун ичинде саламаттык сактоо министрлигинен хирургдар, анезтезиологдор ж.б. адистер бар. Депутат Аида Исатбек кызы бул топко депутаттардан Аида Исатбек кызын, Советбек Рустамбек уулу, Айсулуу Турусбекова, Илим Кубанычбековду киргизүүнү сунуштады.
Бишкекте 30 жаштагы ийгиликтүү врач-флеболог Элдос Турсунбеков каза тапкан. Ал сакал өстүрүү операциясы учурунда анафилактикалык шоктон көз жумган.
Жаш врачтын атасы Болотбек Мамбеталиев «Азаттык» радиосуна мындай деп айтып берген:
«Биз эч нерсе билбей, күтүп отурабыз. Алар «Тез жардам», милиция чакыртыптыр. Анан сөөктү моргго алып кетет экен. Ал жерден бир медайым таанып, баламдын досуна айтыптыр. Райондук милицияга балдарымдын бири барса, «каза тапкан Элдостун туугандары келди» дешет. Эмне үчүн бизге кеч айтышат? Жашыруун тергөө дешет, дароо ачыгын айтпайт. Менин оюмча, булар документтерди даярдап, убакытты чоюшат. Менин суранарым, так изилдеп берсин. Кагазында жүрөгү жакшы иштебей калды деп жазышыптыр. Мурун андай проблемасы болгон эмес. Биздин оюбузча, булар туура эмес сайып алышкан бир нерсени».
Атасы Элдос Турсунбековдун намаз окуп, ишенимине жараша, сакал коюу парз деп, балким ушул операцияга бел байлаганын айтат.
Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында кылмыш иши козголгону маалым болду.
Сүрөт: Элдос Турсунбековдун ФБ баракчасынан




