Эне жана баланы коргоо борборунда бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

  • 1 месяц мурун

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөктү алмаштыруу боюнча дагы бир ийгиликтүү операция жасалды.  

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
⠀  
Реципиент — 33 жаштагы О. Р., ал 1 жыл 9 ай бою өнөкөт бөйрөк оорусунун акыркы стадиясына байланыштуу гемодиализ алып келген. Донор — анын өз агасы, 44 жаштагы Т. Н.
⠀  
Операция ийгиликтүү өтүп, бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.  
⠀  
Медициналык топтун маалыматына ылайык, донордун да, реципиенттин да абалы канааттандырарлык, ал эми көчүрүлгөн бөйрөктүн функциясы калыбына келген.
⠀  
Маалыматта айтылгандай, жалпысынан 2018-жылдан бери аталган борбордо 76 бөйрөк трансплантациясы жасалып, алардын ичинен 2024-жылдан тартып 35 операция бюджеттик негизде акысыз жасалды.  

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты