Кардиохирургия институтунда болгон өрткө байланыштуу комиссия түзүлөт  

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кечээ, 11-февралда кечинде Бишкек шаарындагы кардиохирургия илимий-изилдөө институтунда (КИИИ) болгон өрткө байланыштуу кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө алды.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, өрттүн себептерин аныктоо жана бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо максатында МинКаб башчысы ведомстволор аралык комиссия түзүүнү тапшырды. 

Мындан тышкары, Касымалиев КИИИ ишин тез арада калыбына келтирүү жана бейтаптар менен медициналык кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Адылбек Касымалиев бул күндөрү Дубай шаарында саммитке катышууда.

Жүрөк хирургиясы институтунда чыккан өрттүн кесепетинен бардык бейтаптар шашылыш эвакуацияланып, жакынкы медициналык мекемелерге, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жана Энени жана баланы коргоо улуттук борборуна жайгаштырылды.

Кечээ, 11-февралда, Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №3/2 дарегинде жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 23:15те өчүрүлгөнүн, 260 адам эвакуацияланганын билдирди.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты