Камчыбек Ташиевге эки берене боюнча айып коюлганы айтылды
- 2 недели мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевге эки берене боюнча айып коюлганы айтылды. Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов Kaktus. media басылмасына 29-апрелде кечинде билдирди.
Айткуловдун айтымында, Ташиевге кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.
Камчыбек Ташиевге эч жакка чыкпоо бөгөт чарасы каралганы айтылды.
Икрамидин Айткулов Камчыбек Ташиев күнөөнү мойнуна алган эместигин айтты.
Ал эми Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулу боюнча маалымат азырынча белгисиз. Бирок экөө тең бул иш боюнча Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында суракта болушкандыгы маалым.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 29-апрелде кайрылуу жасады.
Кайрылууда Камчыбек Ташиев күнөөсү жок экенин жана акталып чыгарын билдирди:
Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам, -деди Камчыбек Ташиев.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгына сурак берип чыкканы ЖМКда кабарланды.
Маалыматка караганда, сурак бир нече саатка созулган. Сурактан кийин аталган адамдар имараттын чыгып кетишкени маалымдалды. Сурак кайсы ишке байланыштуу экени айтылган жок. Болжолдуу маалымат боюнча, алар “75 адамдын иши” боюнча суралган.
Айрым маалыматтарда сурак учурунда Камчыбек Ташиевге, Курманкул Зулушевге жана Нурланбек Тургунбек уулуна кылмыш боюнча күнөө коюлуп, айыбы угузулганы айтылат. Бирок расмий маалымат бериле элек.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов 10-июнга чейин камакта калтырылды.
Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдоду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган.
Сүрөт: Интернет булактарынан




