Камчыбек Ташиевдин кабинетиндеги бир чыны чайдын баасы – 10 млн доллар. Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун айткандарынан
- 1 месяц мурун
«Аю» холдинг компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен бир чыны чайдын баасы 10 миллион доллар болгону тууралуу Фейсбук баракчасына жазды.
-Камчыбек Ташиевдин кабинетинде бир чыны чай ичүүнүн баасы канча болот деп ойлойсуздар?2023-жылдын июль айларында УКМК “Аю” ачык акционердик коомунун башкы директору Т. А. Исаевди чакырып калды. Ал ИИМ тергөөчүсүнө сурак берип жүргөндүктөн, УКМКга жолугушууга финансист Нурлан Абдыраев барды. Камчыбек Ташиевдин кабинетинде ал жана Равшан Сабиров чай ичип отурушкан экен. Нурланды чайга чакырышыптыр.
Нурлан Абдыраев “Аю” компаниясы кетирилген мыйзам бузуу, мүчүлүштүктөр үчүн 20 миллион доллар төлөп берерин айткан.
Камчыбек Ташиев анын сөзүн бөлүп:
-30 миллион сом төлөгүлө,-дептир.
Бир чыны чай ичкенден кийин Нурлан макул болгон. УКМКдан чыгып, ала мага кубанып чалып атпайбы: “Баары жайында, чай ичип, макулдаштык. 30 миллион доллар төлөмөй болдук” деп.
Мен нес болуп калдым. -Сен эмне, бир чыны чайды 10 млн долларга ичип келдиңби? — дедим.
Буга чейин 20 миллион сомдук активди — имаратты, заводду берүү тууралуу сөз болуп жаткан. Биздин реалдуу долбоорлорубуз, инвесторлорубуз бар болчу: Токмокто “Касиет” ААК, Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта заводдору. Азербайжан инвесторлору түштүктөгү пахта бизнесине киришкени жатышкан.
Бизнесте акча мүшөк менен үйдө турбайт да. Бизнесте жүгүртүү каражаттары, актив, өндүрүш жана милдеттенмелер бар.
-Жолугушуунун алдында эмнеге мага айтып койгон жоксуң?-деп сурадым Нурландан.
-Жетишпей калдым, тез барыш керек болду,-деп жооп берди.
Ошентип, Камчы Ташиев 30 миллион сомду накталай төлөөгө 30 күн берди.
Ал эми бир айдан кийин камай башташты, “Аюнун” башкы директору, бухгалтери, технологдору жана башка жөнөкөй кызматкерлери камалды.
Мына, Кыргызстанда айрым учурда бир чыны чайдын баасы канча турат. Камчы Ташиевдин кабинетиндеги бир чыны чайдын баасы 10 миллион доллар турат!-деп жазды «Аю» компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов.
«Аю» холдинг компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов (Шаки) кыргызстандыктарга Лондондон кат жолдоп, анда үч жыл аралыгында адамдардын чыныгы жүзүн, алдамчылыкты, ач көздүктү көргөнүн, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканда аны сатып кеткендерди, мүлкүн талап алгандарды көргөнүн жана жалгыз калганын жазган. Кат Фейсбук социалдык тармагында 22-мартта жарыя болду.
«Аю» холдингдин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынган. Маалыматка ылайык, мындай чечим 2024-жылы 8-сентябрда кабыл алынган. Абдыкеримовду сыртынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына киргизүү өкүмү чыкты.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин экс-президенти Абдыкеримовго кылмыш-жаза кодексинин төрт беренесинин негизинде айып тагылган. Шаршенбек Абдыкеримов Дубайдын ооруканаларынын биринде реанимацияда жатканы маалым болгон.
Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде «Аю» компаниясынын спирт заводу менен арак заводу конфискацияланып, мамлекетке өтүп жатканын билдирди.
Жапаров «Аю» компаниясы «миллиондогон салыктарды төкпөй, 12 миң даана жасалма акциз жана мыйзамсыз чыгарылган 275 тонна спирт менен кармалганын» маалымдаган.
УКМК “Аю” компаниясына таандык 4,1 гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирди.
Шаршенбек Абдыкеримов чет өлкөдө, Дубайдын ооруканаларынын биринде жаткандыгы, анын бооруна экинчи жолу операция жасалганы айтылган. Шаршенбек Абдыкеримов акыркы үч жылы жана Улуу Британиядагы жылдары тууралуу эссе жазды.
Сүрөттө: Шаршенбек Абдыкеримов. Интернет булактарынан




