Электросталдагы Wildberries кампасында өрт чыкты. Кыргызстандын жарандарынын бар-жогу текшерилүүдө
- 3 недели мурун
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасынан чыккан өрттө Кыргызстандын жарандарынын бар-жогу тууралуу маалыматты тактап жаткандыгын билдирди.
Россиядагы элчиликтин кызматкерлери Электросталь шаарындагы кампада эмгектенген Кыргызстандын жарандарына жолукту.
Министрлик Wildberries компаниясынын кампасындагы өрткө байланыштуу кыргызстандыктардын окуя болгон жерде бар-жогу такталып жаткандыгын билдирди.
Wildberries компаниясындагы өрт өчүрүлгөн, ал жерде Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка тиешелүү органдарынын кызматкерлери иштөөдө.
ЖМКнын маалыматтарына ылайык, Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасынан учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунан кийин өрт чыкканы маалым болгон.
Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилиги коомчулукту кийинки маалыматтар менен кабардар кылып тураарын эскертти.
Сүрөт: Интернет булактарынан




