Камчыбек Ташиев Зулушевдин отставкасы тууралуу. Атын атабай, дагы бирөөнү сагызганга салыштырды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбук баракчасы аркылуу башкы прокурор Курманкул Зулушев тууралуу айтып, атын атабастан дагы бир адамды сагызганга теңеп, сайрай берерин, бирди көрөйүн деп калганын айтып өттү.

-Курманкул Зулушев мекенин сүйгөн, мыйзамды так аткарган башкы прокурор болду. Ал дагы өлкөгө көп кызматын көрсөтөт. Сагызган сайрай берет, үнү эч кимге жакпаганын сезбестен, дагы бирди көргүсү келип калса керек. Мекенин саткан чыккынчы болду бул сагызган, -деп жазды Ташиев.

Сагызган деп кимди айтып жатат болду экен десек, бүгүн оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров соттон кийин башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетишин боюнча журналисттердин суроосуна жооп берген:

— “Эртеби-кечпи баары кызматтан кетет, кетпей турган киши жок. Эки жарым жылга жакын убакыттын ичинде бардык иштердин аталасын чыгарып бүттү. Бир кишиге бир эмес, жети кылмыш иши козголгон. Бирөө да аныкталган жок. Сотко өткөн иштердин көбүндө шектүүлөрдүн иши тастыкталбай келип жатат. Саясий буйруктар болсо өтө эле көп болуп кеткен” деди Адахан Мадумаров.

Бүгүн, 3-июнда, башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кете турганы тууралуу маалымат тараган. Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгы маалым болду.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты