Камчыбек Ташиев: Унду желкесине ким ташып келет, Кадырбековбу?  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 7-январда, Жогорку Кеңеште  Кыргызстандын ЖККУнун алкагында Казакстанга бейпил аскерин киргизүүгө байланыштуу кезексиз парламент жыйыны ачык өтүп жаткан.  Талкуулар кызуу болуп жаткандыгына байланыштуу парламент жыйыны жабык өтө турганы чечилди.

Камчыбек Ташиев ачык талкуу учурунда суроолорго жооп берип, Казакстан чек араларды жаап жатканын, эртең Кыргызстанда ун калбай калса, депутат Айдарбеков же Кадырбеков жооп бербесин, 7 посттун төртөө жабылганын билдирди.  Ташиев эртеңки күнү бир мүшөк ун 10 миң сомго чыкса же бензиндин баасы литрине 100 сомго чыкса, ким жооп берет деп суроо салды.

«Кадырбеков бул жерде кандан коркконун айтат. Жоопкерчиликти ким алат? Кадырбеков албайт Эртең унду Кадырбеков желкесине көтөрүп  келеби?» деди Камчыбек Ташиев. Бул жерде өзүңөрдү жарнамалаганды койгула деп эскертип да кетти.     

Депутат Исхак Масалиев куралдуу кол салуу болсо гана ЖККУ аскерлери кирет, бул агрессиябы деген суроо берди. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул ЖККУ чечими экенин, биз аткарып жатканыбызды билдирди.

Депутат Камила Талиева Казакстанга кире турган аскерлердин кандай укугу бар, эмне кылат деген суроого ЖККУ алкагында биздин аскерлер маанилүү объекттерли коргоого, тынчтык максатта бараарын айтты.   

Депутат Дастан Бекешев ЖККУ алкагында аскер жиберүүгө баш тартууга укугубуз барбы деген суроо берди. УКМК төрагасы укугубуз бар, бирок милдетибизди аткаруу керек деп жооп узатты.  

Кыргызстандан 150 аскер жөнөтүлөрү айтылды.  

Депутат Равшан Сабиров куралдуу кол салгандар кимдер экенин сурады.

Камчыбек Ташиев кол салгандар ким экенин ошол мамлекет өзү аныктарын, жардам берели деген максат болуп жаткандыгын билдирди.

Депутат Алтынбек Сулайманов Кыргызстанда болгон үч жолку толкундоолордо ЖККУга кайрылганбы дегенде, Ташиев 2010-жылы гана кайрылган деген маалымат бар экенин,  бирок маалымат такталбаганын кошумчалады.  Депутат Сулайманов эгер биз дагы кайрылсак, ошондой абалга кабылып, террорист болуп калышыбыз ыктымал болмоктугун эскертти.

Сулайманов өзү да каршы пикир билдирбесин, колдой турганын айтты.  ЖККУ алкагында террористтер кимдер экенин такташы керектигин кошумчалады.    

Биз ЖККУ алкагында башка өлкөлөргө караганда жакын, мурда да  революция көргөн мамлекет болобуз. Эгер бийлик алмашып кеткенде кандай абалда калабыз деди.   

Камчыбек Ташиев  милдетти аткаруу керектигин, эл террорист эмес,  бирок деструктивдүү күчтөр бар экенин алар аныкташы керектигин айтты.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков чечим тарыхта каларын, окуялар ички саясат менен байланыштуу, каршы чыккандардын талабы экономикалык, кагылышуунун жүрүшүндө кан төгүлгөнүн белгилеп кетти. Бул кандай агрессия экенин, аскерлер канча мөөнөткө бара турганын, аскерлер жарандарга карата ок атабы деген суроо берди.

Камчыбек Ташиев жарандарга карата ок атпай турганын, бирок эч ким кепилдик бербесин, алар коргонууга  тийиш экенин билдирди.  

Камчыбек Ташиев коңшу мамлекет жардам сурап жаткандан кийин баш тартуу туура эмес экени белгиледи. Ички агрессия бар экени аныкталганын, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев кайрылганын айтты.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев аскерлер объекттерди кимдерден кайтарарына кызыкты жана аскерлердин жоопкерчилигин ким алат деп да суроо берди.    

Камчыбек Ташиев кайсы объектилер экени азырынча белгисиз экенин белгиледи. ЖККУ келишиминин негизинде ЖККУ-уюмуна мүчө-мамлекеттер сыяктуу чечим кабыл алынышы керектигин айтты.   

Депутат Шарапаткан Мажитова бул чакырылыштын депутаттары өтө кооптуу, жооптуу мезгилде келгенин, жардамды боордош эл күтүп турганын эскертти.  

Буга чейин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жетекчилеринен жардам сураган. Казакстандын Президенти Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, чет өлкөлөрдөн даярдыктан өтүп келген банда Казакстанга кол салганын, муну агрессия актысы катары баалаш керек экенин билдирди.  

Токаевдин чечимин социалдык тармактарда сындап, Бишкекте эки ирет ЖККУ күчтөрүнүн Казакстанга киришине каршы пикет өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты