Камчыбек Ташиев:  Текебаевге эч ким кол салган жок. Болгону уруп жиберишти

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы  Камчыбек Ташиев  Өмүрбек Текебаевге кол көтөрүү фактысы боюнча журналисттерге  комментарий берди.

УКМК жетекчиси саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салынбаганын, уруп эле жибергенин билдирди.

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салган. Алар саясатчынын уюлдук телефону менен көз айнегин алып кеткен.

Муну «саясий террор» деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырган Текебаев Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Президент Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган.

Текебаевге кол салуунун артында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети турат деген сөз тарап, атайын кызмат муну четке каккан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты