Камчыбек Ташиев: Тажик тарап менен жолугушуудан кийин  көп маселе чечилет

  • 2 года мурун

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барды жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча билдирүү жасады.

-Чек арадагы кечээки окуялардан кийин штаб түзүлгөн.  Бул жерде бардык мекемелердин, айрыкча күч структураларынын өкүлдөрү бар.  

Саат 11де тажик тарап менен жолугушуу болот. Ошол жолугушууудан кийин көптөгөн маселелер чечилет.

Болуп жаткан окуялар түнү менен Садыр Нургожоевичтин көзөмөлүндө болду. Президент биз менен түз байланышта, ушу маселелердин баарын көзөмөлдөп турат.

Кечээки окуялар боюнча коомчулукка маалымат берип кетсек,  биздин адамдардын арасында  же аскер кызматкерлеринин арасында жоготуулар болгон жок, 11 аскер кызматкери жаракат алды, алар ооруканада.

Ал эми эвакуацияланган адамдар  ӨКМ, жергиликтүү бийлик тарабынан бардык нерселер менен камсыз кылынган. Бул маселлер боюнча комиссия түзүлөт. Комиссия  баарын карап, текшерип чыгат.

Азыр чек-арада абал салыштырмалуу туруктуу, турушташты деп айтсак болот. Төрт көчөдө биргелешке кайгуул жүрүп жатат. Күч структуралары, жеке курамы, техника, кандай чара көрөбүз, баарын жолугушуудан кийин чечебиз, -деди Камчыбек Ташиев.  

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлаган.

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Төрт-Көчө тилкесинде куралдуу кагылыштан улам Ак-Татыр айыл аймагынын Орто-Боз айылынын тургундары Баткен районунун Рават айылына көчүрүлгөн..

Ошондой эле, Жака-Өрүк, Ак-Татыр айыл аймагынын Үч-Дөбө, Самаркандек айыл аймагынын, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын жергиликтүү тургундары эвакуацияланууда. Алар жеке автоунаалары менен Баткен районунун Рават айылына жайгаштырылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча 27-январда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу бүгүн, 28-январда да улантылары маалымдалды.

Чек арадагы кагылыштан улам, акыркы маалыматтарда Кыргызстан тараптан 11 адам жабыркаганы белгилүү болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты