Камчыбек Ташиев Матраимов мамлекетке дагы 200 млн доллар төлөшү керектигин билдирди  

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 16-майда Кара-Суу шаарында сүйлөгөн сөзүндө Райымбек Матраимовдун мойнуна дагы 200 млн доллар илингенин билдирди.    

“Биз Матраимовдорду биринчи кармаганда 2 млрд 200 млн сом төгүп чыгышкан. Ошондо “мындан ары криминалдык аракеттерди жасабагыла, мамлекетти талап-тонобогула, Бажы кызматына жарым кадам да жакындабайсың” деп жеке өзүм шарт койгом. “Макул” деп кетишкен. Жарым жыл, бир жыл карадык, кайра эле баштап алышты. Бажыдагы кадрлары аркылуу мурдагыдан да көп уурдай баштады. Бандиттер, Ысык-Көлдөгү мыйзамдагы ууру Көлбаев менен дос болуп кетишти. Кошулуп алышып ишкерлердин баарын коркутуп-үркүтүштү. Биз анан чара көргөнгө мажбур болдук. Райымбек Матраимовдун мойнуна 200 млн доллар “илинген”. Бул деген 19-20 млрд сомго жакын акча” деди Камчыбек Ташиев.

2024-жылдын 25-мартында УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте Азербайжан аймагында мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов Райымбекти эл аралык издөөдө кармап, Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген. Ошондой эле аны менен бирге Р.Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинген.

Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Январь айында УКМК ага издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген.

26-мартта Бишкекке алынып келген Райымбек жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор Бакудан кармалып, Бишкекке жеткирилген.

Р.Матраимов «Мыйзамдагы ууру» К. Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн.

Тактап айтканда, Райым Матраимовго карата  169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери  боюнча кылмыш иши жүрүп жатат. 27-мартта ага кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Ушул тапта УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта жатат.

Матраимов бул күндөрү УКМКнын тергөө абагында жатат. Ош шаардык соту мурдагы бажычынын инилери Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-майга чейин камакка алган. Тилек Матраимов апрель айында үй камагына чыккан.

2021-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Сүрөт: Сүрөт коллажы. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты