Кара-Суу шаарында фольга жасалуучу жайдан өрт чыкты

Бүгүн, 31-августта, Кара-Суу шаарынын Нуракунов көчөсүндө жайгашкан фольга жасалуучу жайдан өрт чыкты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ош облустук башкармалыгы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 2 өрт-куткаруу бөлүмү тартылып, өрт саат 13:12де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты