Камчыбек Ташиев мамлекеттик туунун өзгөртүлүшүн колдоорун билдирди  

  • 6 месяцев мурун

Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик тууну өзгөртүлүшүн колдой турганынн Фейсбук баракчасына жазды.

-Эки кундөн бери туубузду өзгөртсөк болобу же болбойбу деп талкуулап жатасыздар ,менин пикирим боюнча, өзгөртүшүбүз керек! Туубузга карап түздөлөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат, демек кун карама болбостон тике тийген, күндөй жаркыраган белги берилиш керек .Мен мамлекетибиздин туусун өзгүртүүнү колдоймун, -деди Ташиев.

“Кабар” агенттигине 25-октябрда берген маегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мамлекеттик туусунун өзгөртүлүшүн колдой турганын билдирди:

Коомчулук кыргыздын туусун өзгөртүүгө каршы болуп жаткандыгы парламентте да сөз болду.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусуна өзгөртү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 28-сентябрда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты