Президент Жапаров мамлекеттик туунун өзгөртүлүшүн колдой турганын билдирди

  • 6 месяцев мурун

“Кабар” агенттигине 25-октябрда берген маегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мамлекеттик туусунун өзгөртүлүшүн колдой турганын билдирди:  

-Ооба, мамлекетибиздин туусу боюнча депутаттардын демилгеси тууралуу баарыбыз кабардар болбодукпу. Негизи мен бул идеяны колдоймун. Буга чейин эле коомчулукта азыркы туубузду күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекетибиз өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келатат деген пикирлер арбын айтылып келген. Ал тургай, өлкөбүзгө расмий иш сапары менен келип, туубузду көрүп, бул өлкөдө күн карама көп өстүрүлөт турбайбы деген ойдо калган чет элдик меймандар дагы болгон, -деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле эгемендик алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи деп билдирди.

-Эми чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик тууларынын элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр жок эмес, мындай учурлар болуп келген, -деди президент Жапаров.  

Бүгүн, 25-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо коомчулук кыргыздын туусун өзгөртүүгө каршы болуп жаткандыгын билдирди.

Депутат Мирлан Самыйкожо мындай деди:

Коомчулукта, Интернет булактарында, социалдык тармактарда дээрлик көпчүлүгү каршы болуп жаткандыгын айтып коеюн. Эртең бизге келгенде дагы маселе болуп кетпесин. Биз желектен башка нерселерибизди эле жасайлычы. Желегибизге, мамлекетибиздин ыйыгына тийбей жле коелучу. 30 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин эн тамгасы болгон желегибиз бул күндүн нуру, биздин ата-бабаларыбыз ошол кезде эле үстүнөн дагы караганды билиптир, Космостон караганды. Азыр дрондордун заманында да үстүнө чыгып карай албай жатабыз. Бул коломто дегенди түшүндүрөт, кыргызда коломтоң өчпөсүн дейт, коломтоңдо от жансын дейт, бул – оттун, жалындын, нурдун белгиси го. Эгерде биз арбайтып-тарбайтып кое турган болсок ал лопух, уйгак болуп калат, -деди Мирлан Самыйкожо.   -Авторлор макул болуп жатса, ал күн тийген жердин күкүгү, -деди депутат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусуна өзгөртү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 28-сентябрда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Cүрөттө: Мамлекттик туу. Сол жагында-сунушталган варианты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты