Камчы Көлбаевдин сөөгү туугандарына берилди
- 1 год мурун
- Видео
Кечээ, 4-октябрда, УКМК тарабынан кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөн учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин сөөгү туугандарына берилди.
Бул тууралуу маалыматты республикалык-сотмед экспертиза борбору ЖМКга тастыктады.
Кримтөбөл Камчыбек Көлбаев кармоо учурунда каршылык көрсөтүлгөндө, жок кылынган.
УКМК кечээ мындай маалымат тараткан:
“Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрүнө жана алардын жетекчилерине карата бир катар кылмыш иштери тергелүүдө. Ошондой эле К.Асанбекке (Камчы Көлбаев) каршы кылмыштуу топтун лидери, «Дөө» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздары боюнча да тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат. 2023-жылдын 4-октябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин турган жери Ибраимова көчөсүндөгү «Блондер паб» ресторанында аныкталып, ал жерге барган УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбастан, ок атуучу куралдарды колдонуу менен куралдуу каршылык көрсөткөн. УКМКнын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна ок атуучу курал менен кол салган К.Асанбектин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында УКМКнын атайын кызматкерлери ага эскертүү иретинде ок атышкан.
Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгү, 267-беренесинин 2-бөлүмү жана 37-беренесинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4,18-пункттары менен кылмыш иши козголду. (уюшкан кылмыштуу топ түзүү, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Ок атышууга катышкан К.Асанбекти текшерген дарыгерлер октон алган жаратынан, ошол жерде каза болгонун тастыкташты. Бул окуяга катышкан УКМК кызматкерлери жана жарандар арасында жабыркагандар жок. Ошондой эле УКМК бул фактыга тиешеси бар К.Асанбектин тобунун бардык өкүлдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берип, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет” деп айтылат УКМК маалыматында.
Кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы Бишкекте “Учкун” имаратынын алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалганы кабарланган.
Камчы Көлбаев 49 жашта, Чолпон-Ата шаарында туулган. Кыргызстанда кылмыштуу топтун жетекчиси катары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) каттоосунда турчу.
Кримтөбөл Камчы Көлбаев буга чейин 2020-жылы 22-октябрь күнү Бишкек шаарында кармалган.
23-октябрдан тарта соттун чечимине ылайык, тергөө бүткөнгө чейин УКМКнын СИЗОсуна жайгаштырылган. Камчы Көлбаевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин “Кылмыштык топ уюштуруу же ага мүчө болуу” беренеси менен сотко чейинки иш өндүрүшү башталган. 2020-жылдын 2-ноябрында Камчы Көлбаев ден-соолугуна байланыштуу 47-түзөтүү колониясына которулган.
2-мартта Камчы Көлбаев эч жакка кетпөө шарты менен колониядан чыгарылганн.
Эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү катары АКШнын мамлекеттик департаментинин “кара тизмесинде” турган. Ошол жылы ал мекенинде “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган” деген айып менен үч жылга соттолгон жана 2014-жылы бошонуп чыккан.
Социалдык тармактарда Камчы Көлбаевдин жерге берилгени тууралуу маалыматтар жарыяланды.
Сүрөт: «ПолитКлиника». Сотмедэкспертиза борборунун жанында. 4-октябрь 2023-жыл.