“Камбар-Ата 1” ГЭС долбоору: Өкмөттөр аралык макулдашуу долбоору талкууланды

  • 2 недели мурун

Ташкент шаарында Кыргызстан жана Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн делегациялардын катышуусунда  28-30-апрелде «Камбар-Ата-1 ГЭСин» куруу долбоору боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун талкуулоо боюнча кезектеги расмий сүйлөшүүлөр өттү.

«Камбар-Ата-1 ГЭСи» долбоору Кыргыз Республикасынын аймагында Нарын дарыясында ишке ашырылып жаткан ири энергетикалык объект болуп саналат.

Катышуучулар бул долбоор бардык тараптар үчүн маанилүү жана экономикалык жактан пайдалуу экенин белгилешти.

Ошондой эле өлкөлөрдүн экономикаларынын өнүгүшүнө мультипликативдик таасир тийгизүү менен катар, калк ортосундагы бекем достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөөрү айтылды.

Кубаттуулугу 1880 МВт болгон гидроэлектр станциясы өлкөнүн энергетикалык потенциалын жогорулатууда жана аймактагы энергетикалык системалардын туруктуулугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты