Камбар-Ата-1 ГЭС долбоору: Үч өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү
- 2 месяца мурун
31-марттан 2-апрелге чейин Бишкекте Борбор Азия үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору тууралуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы өттү.
Бул тууралуу энергетика министрлиги билдирди.
Бул ири энергетикалык долбоор боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы Нарын дарыясында кубаттуулугу 1880 МВт болгон гидроэлектростанция курулат. Бул үч өлкөнүн — Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын кызматташуусунун алкагында ишке ашырылат.
Жогорку деңгээлдеги делегацияларды Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков, Казакстандын энергетика вице-министри Сунгат Есимханов жана Өзбекстандын энергетика министринин орун басары Умид Мамадаминов жетектеди.
Сүйлөшүүлөргө ошондой эле тараптардын тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышты, бул долбоорду ишке ашырууга комплекстүү жана макулдашылган ыкманын бар экенин көрсөтөт.
Сүйлөшүүлөргө байкоочу катары Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышып, долбоордун негизги стратегиялык өнөктөшү жана негизги потенциалдуу эл аралык финансылык кредиторлорунун бири катары өздөрүнүн маанилүү ролун тастыкташты.
Буга чейин «Камбар-Ата-1» ГЭСин башкаруу үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөрү айтылган.
Биргелешкен ишкана «Камбар-Ата-1» ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33 пайыздан бөлүнөт. Биргелешкен ишкана Бишкекте түзүлөт.
Сүрөт: Энергетика министрлиги




