Камалып, бирок акталган экөө соттон моралдык компенсация үчүн 500 миң сомдон утуп алышты

  • 2 недели мурун

Чүй облусунун Сокулук районунда суунун тартыштыгынан митингде чыккандардын экөө- Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов камалып, бирок акталып чыккан. Алар соттон моралдык компенсация үчүн 500 миң сомдон утуп алышты. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

“Эсиңердеби, Селекция айылында суунун тартыштыгынан жарандар митингге чыгышкан. Алардын экөө – Балбаев менен Бекболотов камакка алынган. Алар СИЗОдо 68 күн жатышкан” деди Абдирасулова.

Маалыматта айтылгандай, кийин сот инстанциялары аларды күнөөсүз деп таап, бошоткон. Андан кийин алар конституциялык укугунан пайдаланып, укуктары бузулгандыгы боюнча сотко беришкен.

“Бүгүн сот ишти Балбаев менен Бекболотовдун пайдасына чечип, аларга моралдык чыгым катары 500 миң сомдон төлөп берүү чечимин чыгарды. Бул сот органы адам укугун калыбына келтирип, компенсация чегерген тарыхый чечим! Сотко, адвокат Акзам Дүйшеналиевге бали!” деп жазды Гүлшайыр Абдирасулова.

Ошентсе да, финансы министрлигинин өкүлү бул чечимге даттана турганын билдиргенин да кошумчалады.

2023-жылы 14-июлда Сокулук районуна караштуу Селекция айылында “түштүк магистраль” автоунаа өтүүчү жолду 100дөн ашык адам тосуп, автоунаалар өтө албай калган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен автоунаа өтүүчү жол 15-июлда түнкү саат 02:00 де ачылып, чогулган эл тараган.

2023-жылы  15-июлда Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга шектүү катары белгилүү блогер Эртай Исаков жана бейбаштыкка шектүү катары эки жергиликтүү жаран- Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов кармалган.

Сокулук райондук соту Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып кармалган блогер Эртай Искаковго 50 миң сом айып пул салды, ал эми Слекция айылынын тургундары Бакыт Балбаевге жана Бактыбек Бекболотовго 100 күндүк коомдук жумушка тартуу жаза чарасы чегерилди.

Үчөөнө тең “жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган” деген берене менен иш козголгон. 20-сентябрда алар сот чечими менен үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: Социалдык тармактан

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты