Селекция айылында таза суу жоктугунун айынан жол тоскондорго жаза чегерилди

  • 5 месяцев мурун

Сокулук райондук соту Чүй облусунун Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып кармалган блогер Эртай Искаковго 50 миң сом айып пул салды, ал эми Слекция айылынын тургундары Бакыт Балбаевге жана Бактыбек Бекболотовго 100 күндүк коомдук жумушка тартуу жаза чарасы чегерилди.

14-июлда саат 20:30да Сокулук районуна караштуу Селекция айылында “түштүк магистраль” автоунаа өтүүчү жолду 100 дөн ашык адам тосуп, автоунаалар өтө албай калган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен автоунаа өтүүчү жол 15- июлда түнкү саат 02:00 де ачылып, чогулган эл тараган.

15-июлда Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга шектүү катары белгилүү блогер Эртай Исаков жана бейбаштыкка шектүү катары эки жергиликтүү жаран- Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов кармалган.

Үчөөнө тең “жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган” деген берене менен иш козголгон. 20-сентябрда алар сот чечими менен үй камагына чыгарылган.

Аларга сот чечими менен бейбаштык кылган деген беренелер боюнча айып алынып салынды, жол тосуу беренеси боюнча жаза чегерилди.

Кармалгандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпка макул болгон эмес, облустук сотко кайрылышмакчы.

Суу көйгөйү Сокулук районундагы Селекция айылындагыларды кыйнап келет. Суунун айынан тургундар жолду жабууга аргасыз болушкан.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты