Жолду тосууну уюштурууга шектүү катары Эртай Исаков жана эки жаран кармалды

  • 10 месяцев мурун

Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга шектүү катары белгилүү блогер жана бейбаштыкка шектүү катары эки жергиликтүү жаран кармалды.

Бул  тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

“Текшерүү учурунда Селекция айылындагы автоунаа жолун жабуу, бул атайын уюштурулган жана ишке ашырылган иш-чара экендиги такталган. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Сокулук РИИБинин тергөө кызматы тарабынан аталган окуяда кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесинде (жолду мыйзамсыз тосуу) жана 280-беренесинде (бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери бар экендиги такталып 2023-жылдын 15-июлда кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесинде (жолду мыйзамсыз тосуу) көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Э.И. кармалып, кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Ал эми кылмыш-жаза кодексинин  280-беренесинде (Бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатат” деп айтылат маалыматта.

Маалыматта айтылгандай, 14-июлда саат 20:30да Сокулук районуна караштуу Селекция айылында “түштүк магистраль” автоунаа өтүүчү жолду 100 дөн ашык адам тосуп алып, автоунаалар өтө албай калган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен автоунаа өтүүчү жол 15- июлда түнкү саат 02:00 де ачылып, чогулган эл тараган.

«Селекция айылынын “Сары-Өзөн” аттуу жаңы конуштун тургундары ар кандай маселелерди талкуулоо жана чечүү үчүн түзүлгөн Вотсап группа аркылуу, акыркы учурда көйгөйлүү болгон суу маселесин дагы талкуулап келишкен. Ал Вотсапка ар кандай маселелерди коомчулукка алып чыгып жүргөн белгилүү блогер “Э.И.” кошулуп, суу маселеси боюнча болуп жаткан талкууга катышып, жергиликтүү тургундарды радикалдуу кыймыл аракет жасабаса суу маселеси чечилбесин баса белгилеп “жолду жабуу” керектигин айткан жана ал өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу жолду жабууга үгүттөгөндүгү такталды» деп айтылат Чүй облустук ички башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Кармалган жаран Э. И. — Эртай Исаков экени социалдык тармактарда айтылууда. Эртай Исаков 28-майда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого катышып, шайлоочулардын 7.56% добуш алган. Эртай Исаков ал округдагы кайта шайлоого да арыз берген.

Суу көйгөйү Сокулук районундагы Селекция айылындагыларды кыйнап келет. Суунун айынан тургундар жолду жабууга аргасыз болушкан.

Сүрөт: Чүй ОИББ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты