Кайра шайлоого катышуу үчүн 13 талапкерден арыз түштү

  • 2 года мурун

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 13кө жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, Биринчи май шайлоо округунан жети адам, ал эми Свердлов округунан алты адам талапкер болууну көздөп жатат. Алардын арасында Биринчи май округунда мурдагы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, адвокат Нурбек Токтакунов, шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов, Бишкектин мурдагы вице-мэри Руслан Акылбеков, мурдагы күч кызматкери Анвар Сартаев бар. Ал эми Свердлов округунан Бишкек мэринин мурдагы кеңешчиси Гуля Алмамбетова, жарандык активист Назгүл Жолдошева, дарыгер Муратбек Султанбеков жана башкалар арыз берген.

Буга чейин мурдагы баш прокурор Аида Салянова да дал ушул округдан талапкерлигин коюу ниетин билдирген эле.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аяктайт.

28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты