БШК: №13 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин шайлоо төгүмдөрү кайтарылат
- 3 недели мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-февралдагы, жыйынында 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо катталган талапкерлердин шайлоо төгүмдөрүн кайтаруу жөнүндө токтом кабыл алды.
№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 25 талапкер катталып, бюджетке 7 млн сом төлөшкөн.
2026-жылы 13-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча №13 округ боюнча арызды карап, аталган округда 2025-жылдын 3-декабрындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин артка кайтаруу чечимин кабыл алды. Ошону менен бул участокто кайра шайлоо болбой калды. №13 округдагы шайлоо өттү деп эсептелип, Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова жеңүүчү болуп табылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




