№13 шайлоо округунда ЖК депутаттарын кайра шайлоо өткөрүүгө 18 млн 507 миң сом коротулат
- 1 месяц мурун
2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасы 18 млн 507 миң сом өлчөмүндө бекитилди
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.
БШК бүгүн, 30-декабрда, №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн каралган чыгымдардын сметасын бекитти.
2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасы 18 млн 507 миң сом өлчөмүндө бекитилди.
Шайлоо комиссияларынын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасы 18 млн 507 миң сом өлчөмүндө бекитилди.
Сметада шайлоону уюштурууга жана маалыматтык жактан камсыз кылууга кетчү чыгымдар, комиссия мүчөлөрүнүн жана ишке тартылган жарандардын эмгек акысы, шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күндөрү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, ошондой эле ишке тартылган жарандарга бир адамдык суткалык өлчөмдө тамак-аш уюштурууга суткалык төлөмдөр камтылган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 2026-жылдын 1-мартына, жекшемби күнгө дайындады.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




