Аида Салянова Свердлов округунан депутаттыкка талапкерлигин коет

  • 2 года мурун

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кайра шайлоо өтчү №29 Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин коет. Бул тууралуу ал «Азаттык» радиосуна билдирген.

Аида Салянованын айтымында, анын шайлоого катышуусуна мыйзамдык жактан эч кандай тоскоолдук жок.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Бишкек шаарындагы бир мандаттуу №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендер көп болгондуктан 27-февралга кайра шайлоо дайындалды.

Аида Салянова 2010-жылы юстиция министри, 2011-2015-жылы баш прокурор болуп иштеген. 2015-жылы «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

2016-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сүрөгөн Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы чыккан. Мындан кийин Саляновага «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. 2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны 5 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.

Ушул жылдын март айында Жогорку сот Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу Аида Салянованын ишин кайра карап, мурдагы чечимдерди жокко чыгарды.

Аида Салянованын кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча дагы бир кылмыш иши учурда Бишкектин Свердлов райондук сотунун кароосунда турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты