Кадырбек Атамбаев камакта калтырылды
- 2 месяца мурун
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаев 17-мартка чейин камакта калтырылды.
Бул тууралуу 20-февралда Биринчи май райондук сотунун чечимин карап, аны Бишкек шаардык соту өзгөртүүсүз калтырды.
Ошондой эле 19-мартта шаардык сот “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматовдун камактагы мөөнөтүн узартып, 17-мартка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 2025-жылы 22-ноябрь түнү билдирди.
Кармалгандардын арасында Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев, Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев, Урмат Барктабасов, Эрмек Эрматов ж.б. бардыгы он адам. Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кийинчерээк Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов үй камагына чыгарылган.
Сүрөттө: Кадырбек Атамбаев. Интернет булактарынан




