Султанбеков, Карамушкина жана Түрксевер үч жылдык пробациялык көзөмөлгө чыгарылды
- 3 недели мурун
Бүгүн, 24-апрелде, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер үч жыл пробациялык көзөмөлгө чыгарылып, сот залынан бошотулду.
«Социал-демократтар» партиясынын лидеринин жана мүчөлөрүнүн соту жабык өттү. Ал эми адвокат Айбек Турдуев соттун чечимин мыйзамсыз деп билдирди, сот эч кандай далил келтире алган эместигин айтты.
2024-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Түрксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган. 2024-жылы 15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту аталган адамдарды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Андан бери алардын абактагы мөөнөтү узартылып жатат.
Темирлан Султанбековго, Карамушкинага жана Роза Түрксеверге алдамчылык беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши ачылды.
Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Социалдык тармактан