Борбор шаардын Чыгыш-5-кичирайонунда көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 6-апрелде, Бишкек шаарынын Чыгыш-5-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 5-кабатынан өрт чыкты. Куткаруучулар өрттү сааи 16:16да өчүрүп, 11 кишини эвакуациялады.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинини (ӨКМ) Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 15:28де Свердлов райондук №3 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн өрт өчүрүүчү унаа, автошаты тартылган. Саат 15:38де Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу кошумчаланган.
Өрттөн жаракат алгандар болгон эместиги айтылды. Өрттү себеби иликтенүүдө.

Сүрөттөр: ӨКМ Бишкек башкармалыгы
Муну бөлүшүү




