Көлбаевдин кылмыштуу тобуна таандык Күрмөнтү цемзаводунун 93,17% акциясы Маммүлккө өткөрүлдү

  • 6 месяцев мурун

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна таандык «Күрмөнтүцемент» ААКсынын 93,17% акциясы Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлдү.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, УКМК К.Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) боюнча бир катар кылмыш иштерин иликтөөнү улантылууда. Тергөөдө К.Асанбек жасалма жана жеке компаниялар аркылуу, Ысык-Көл облусундагы эң ири өндүрүш ишканасынын – мурда жогорку сорттогу цемент чыгарган — Күрмөнтү цемент заводунун ишин көзөмөлгө алгандыгы аныкталды.

«Күрмөнтүцемент» ААКны мындан ары төмөндөтүлгөн рыноктук баада жеке менчикке өткөрүү максатында, К.Асанбек тарабынан адамдар өндүрүштүк ишкананын банкрот болушуна жасалма шарттарды түзүшкөн.

Ишканада өндүрүштү жандандыруу максатында, (6,83% акция цемент заводунун кызматкерлеринин ичинен жеке адамдарга таандык), «Күрмөнтүцемент» ААКсынын 93,17% акциясы Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлгөнү айтылды.

Буга чейин УКМК Камчы Көлбаевдин акча каражатына сатып алынган 15 асыл тукум жылкы аныкталганын билдирди. Анын жалпы суммасы ведомстволор аралык баалоо комиссиясынын корутундусу боюнча 79 790 000 сомду түзгөн. 

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

УКМК Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз алынган мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 млрд долларды түзөөрүн жана алар камакка алынганын билдирген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты