Эдуард Кубатов Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтүнүн чоо-жайын түшүндүрдү
- 1 месяц мурун
Альпинист Эдуард Кубатов маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтүнүн чоо-жайын түшүндүрдү. Ал жашыра турган эч нерсеси жок экенин, тоодогу чогулуудан жаңы эле келип, түшүндүрөм берип жатканын билдирди.
-Менин жашыра турган эч нерсем жок. 4,5 жылдан ашык убакыт мурун мен Эверестке чыгып келгенден кийин ал мага телефон чалып куттуктаган. Ошондон кийин тааныш болуп калганбыз. Андан кийин ал мага көптөгөн командалар машыккан жана жыйындар өткөн “Барс” спорт комплексин көрсөттү. Андан кийин биз бир нече жолу спорттук жана коомдук иш-чараларда жолуктук. Менин аны менен жалпы максатым, кандайдыр бир ишим же бизнесим болгон эмес. Ал сүрөт жана тааныштыгыбыз боюнча мен бир жыл мурда Кыргызстандын укук коргоо органдарына түшүндүрмө бергем, -деди Эдуард Кубатов.
Альпинист, УКМКнын мурдагы кызматкери, «Центерра Голддун» директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Эдуард Кубатов жакында эле кыргызстандыктардан биринчи болуп, Эверест чокусун багындырган. «Политклиника» медиасына ал саякаты тууралуу кенен маек берген.
Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов 25-октябрда Гималай тоосунун Ама-Даблам аттуу эң бийик жана татаал чокусуна чыккан.
Альпинист Эдуард Кубатов Непалда Гималай тоолорунун 8516 метр бийиктеги Лхоцзе чокусуна кычкылтек колдонбой чыккан.
Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.
Буга чейин Кудрет Тайчабаров аны уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар деп, БШК талапкер катары каттоодон баш тартаарда жана ушул негиз менен камалаардан мурда Фейсбук баракчасы аркылуу Камчы Көлбаев менен сүрөткө түшкөндөрдү уюшкан кылмыштуу топ менен байланыштырып, камаш керек болсо, анда Кыргызстанда аны менен сүрөткө түшкөндөрдүн бардыгын камаш керектигин айткан.
Сүрөттө: Эдуард Кубатов Камчы Көлбаев менен. Интернет булактарынан




