“Кыргызтелекомдун” акциялары президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү
- 4 недели мурун
“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун 78,2979% акциясы президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү.
Бул тууралуу 19-майда Кыргыз фондулук биржасы сайтында маалымат жарыялады.
Баалуу кагаздары- 176 161 608 даана, Уставдык капиталы -78,2979%. Акчалай түрүндө: 1 036 235 426,74 сом.
Ишкананын акцияларына ошондой эле Социалдык фонд — 12,51%, юридикалык жана жеке жактар 8,65% ээлик кылат.
Уставдык капиталдагы катышуу үлүшүндөгү өзгөрүү 2026-жылдын 14-майына туура келет.
Ошондой эле Санарип жана инновациялык технология министрлигинин 100% акциясы президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




