Көчмөндөр оюндары: Иш-чараларга билет баасы боюнча маалымат  

1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттердин баалары аныкталды.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Оюндардын алкагында көрүүчүлөр үчүн акы төлөнүүчү жана кирүү акысыз болгон иш-чаралар каралган:

-Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий жана спорттук иш-чараларга, ошондой эле Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна кирүү акысыз;

-Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда, «Дордой Номад» амфитеатрында жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган маданий иш-чараларга билеттин баасы 500 сомду түзөт;

-VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземине билеттер орундардын категориясына жараша төмөнкү бааларда сатылат:

-борбордук жашыл сектордогу орундар — 4 000 сом;

— ак сектордогу стандарттык орундар — 3 000 сом;

— кызыл сектордогу стандарттык орундар — 2 000 сом;

— сары сектордогу эконом орундар — 1 000 сом;

— көк сектордогу эконом орундар — 500 сом.

-Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын жанында жайгашкан жаңы Кичи аренада өтө турган көк бөрү боюнча финалдык оюндарга билеттин баасы 1 000 сомду түзөт.

Акы төлөнүүчү иш-чараларга билеттерди NEBS.GOV.KG Улуттук электрондук билет системасы аркылуу онлайн, ошондой эле расмий кассалардан офлайн сатып алууга болот.

“Бишкек аренага” шаардын ар кайсы райондорунда жайгашкан 21 жерден атайын шаттл-автобустар каттайт.

Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус шаар тургундарын жана конокторун Кырчын жайлоосуна акысыз жеткирет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Мелдештерге ар кайсы өлкөлөрдөн келген спортчулар катышып, спорттун салттуу түрлөрү жана этномаданий дисциплиналар боюнча күч сынашат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты