Кырчын жайлоосуна өлкө тургундарын жана меймандарын акысыз жеткирүү үчүн 300 кичи автобус тартылат
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторун Кырчын жайлоосуна акысыз жеткирет.
Бул тууралуу ДЕПО-2нин аймагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочуларынын жолугушуусунда айтылды.
Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарынын жана конокторун Кырчын жайлоосуна акысыз жеткирет.
Транспорттук тейлөө үч негизги багыт боюнча уюштурулат:
Бает айылы – Кырчын капчыгайы;
Чолпон-Ата шаарынын ат майданы – Кырчын жайлоосу;
Жаркынбаев айылы – Кырчын жайлоосу.
Ошондой эле 5 резервдик транспорт каражаты каралган.
Айбек Жунушалиев иш-чараларды транспорттук камсыздоого катышуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөрүн баса белгиледи.
«Биз эч кимди мажбурлабайбыз жана күчкө салбайбыз. Баары сиздердин каалооңуздарга жараша болот. Эң негизгиси — өз ишиңиздерди сапаттуу аткаруу» деп белгиледи мэр.
Бишкек мэри айдоочулардын транспорттук камсыздоого катышуусуна байланышкан бардык чыгымдарды мэрия өзүнө аларын белгиледи.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Мелдештерге ар кайсы өлкөлөрдөн келген спортчулар катышып, спорттун салттуу түрлөрү жана этномаданий дисциплиналар боюнча күч сынашат.
Сүрөт: Жолугушуу учуру. bishkek.gov.kg




