Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүлүүдө
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарында эт азыктарына белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө жана уй эти менен кой этинин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча иштер уланып жаткандыгын мэрия билдирди.
Октябрь районунда «Орто-Сай» базары, 4 кичи базар жана 23 соода түйүнү текшерилди. Свердлов районунда уй жана кой этинин бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Ошондой эле Ош базарынын аймагында өткөрүлдү. Биринчи май районунда 2025-жылдын 15-августунан 2026-жылдын 28-сентябрына чейин 181 рейддик иш-чара жүргүзүлдү.
Свердлов районунда соодагерлерге сунушталган баалар айтылды: уй эти — 1 килограммына 770 сом, кой эти — 880 сом.
Сүрөт: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү




