ИИМ 30- 31августта коомдук унааны пайдаланууну сунуштайт
- 2 месяца мурун
- Баяндар
30 — 31 августта Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземинин өткөрүлүшүнө байланыштуу борбор шаарда транспорт агымынын көбөйүшү күтүлүүдө. Ошондой эле, Бишкек шаарынын аймагында маал-маалы менен жол кыймылына убактылуу чектөөлөр коюлат. Ошондуктан, шаардын жашоочуларынын жана конокторунун коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) жүрүү маршрутун алдын ала ойлонууну жана коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.
Бул күнү “Бишкек аренага” шаардын ар кайсы райондорунда жайгашкан 21 жерден атайын шаттл-автобустар каттайт.
Борбор калаанын жашоочулары жана меймандары өздөрүнө ыңгайлуу жөнөтүү чекитин тандап жана иш-чара өтүүчү жерге баруу үчүн шаттл-автобустардын кызматын пайдалана алышат.
Ички иштер министрлиги айдоочуларга кайрылып, ошол күнү мүмкүн болсо жеке транспорттон баш тартууну өтүнөт. Бул жолдордогу жүктү азайтууга, тыгындардын пайда болуу ыктымалдуулугун кыскартууга жана транспорттун эркин жүрүүсүн камсыздоого мүмкүндүк берет.
Кетүүчү жерлер, шаттл-автобустар каттамдары жана алардын кыймылы тууралуу маалымат менен “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинен таанышса болот.
Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:
1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
2. Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
4. Аалы Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
5. «Ак-Кула» автобекети-Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
6. Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичирайону);
7. «Туңгуч» кинотеатры, 64/1 (Туңгуч кичирайону);
8. Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);
9. Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушунда);
11. Алтымышев көчөсү, 98/1;
12. Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);
13. Эркиндик бульвары, 1/А (Темир жол бекети);
14. Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);
15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
16. Шабдан Баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси) 52 (ДЕПО-2);
17. Фучик көчөсү, 6 (ДЕПО-1);
18. Дэн Сяопин проспектиси, (азыркы Чүй проспектиси) 209;
19. Гагарин көчөсү, 284 — Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жер;
20. Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
21. Тыналиев көчөсү, 16.
Иш-чара өткөрүлүүчү күнү транспорттук жүктөм көбөйүшү мүмкүн экендигин түшүнүү менен кабыл алууну жана алдын ала оптималдуу транспорттук ыкманы тандоону суранабыз.
Шаарда шаттл-автобустар жана коомдук транспортту пайдалануу сапарларды ыңгайлуу кылып, жолдогу тоскоолдуктардан арылтат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Мелдештерге ар кайсы өлкөлөрдөн келген спортчулар катышып, спорттун салттуу түрлөрү жана этномаданий дисциплиналар боюнча күч сынашат.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg/ru




