Юрий Шевчук Астанадагы концертинде «Эркиндик» аттуу ырын Навальныйга арнады

  • 2 месяца мурун

«ДДТ» рок тобунун лидери Юрий Шевчук Астана шаарында өткөн концертте «Эркиндик» аттуу белгилүү ырын Алексей Навальныйга арнап ырдады.

«Күн кайра чыгат. Мурдагы күнү Алексей Навальный каза болду. Ал бизге, орусиялыктарга эркиндик жөнүндө айткан. Биз баарыбыз тең эркин боло аларыбызды эске салып турган. Ал эркиндиксиз ишеним – фанатизм экенин, эркиндиксиз эмгек – кулчулук экенин, эркиндиксиз сүйүү – деспотия экенин айткан. Эркиндиксиз эч нерсе болбойт» деди Шевчук.

«ДДТнын» лидери буга чейин бир канча жолу саясий туткундарды, анын ичинде Алексей Навальныйды колдоп сүйлөгөн. Ал келечекте оппозиционердин президент болушун каалай турганын айткан.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Шевчук президент Владимир Путиндин бул чечимин ачык айыптаган. Буга байланыштуу Орусияда «ДДТнын» концерттерине тыюу салынган. Шевчуктун өзүнө Административдик кодекстин «Куралдуу күчтөрдүн аракеттерин дискредитациялоо» беренеси менен айып тагылып, 80 миң рубль өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

16-февралда Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы саясатчы Алексей Навальный Ямалдагы абакта каза болгонун кабарлаган. Азырынча анын өлүмүнүн расмий себептери айтыла элек. Бийлик текшерүү иштери жүрүп жатканын жүйө кылып, Навальныйдын сөөгүн жакындарына бербей келет.

Оппозиционердин апасы Людмила Навальная бир нече күн мурда уулу менен жолугушууга барганын, ал өзүн жакшы сезип, ден соолугуна даттанбаганын билдирди. Навальныйдын абалы жакшы болгонун анын 15-февралда Владимир облустук сотунда өткөн отурумга видеобайланыш аркылуу катышкандагы видеосу да ырастап турат.

Сүрөттө: Юрий Шевчук. TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты