Израил Ирандын мамлекеттик телерадио корпорациясынын имаратына сокку урду

  • 12 месяцев мурун

Израилдин аскер аба күчтөрх Иранын “Иран Ислам Республикасынын үнү” мамлекетттик телерадио компаниясынын имаратына сокку урду. Бул тууралуу Fars жана Mexr агенттиктери билдирди.

Буга чейин Израилдин Коргоо армиясы Тегерандын үчүнчү округунда фарси тилинде эскертүү берген. Аларга тез арада райондон чыгып кетүү сунушталган, жакынкы сааттарда ал жакка чабуул коюлушу ыктымал экендигин эскертишкен.

Ал эскертүүдөн 40 мүнөттөн кийин Израилдин аскери соку ураарын билдирди.      

Fars агенттиги мамлекеттик телерадио корпорациясынын имаратына чабуулдан бир нече минуттан кийин эфир кайра жанданган.  

Кыргыз Республикасынын 28 жараны Иран Азербайжандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын кургак тилкесинин «Астара» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу ийгиликтүү кесип өттү.

Тышкы иштер министрлиги эвакуацияланган жарандардын коопсуз транзитин камсыз кылган ар тараптуу көмөк, жогорку деңгээлдеги уюштуруу жана конструктивдүү өз ара аракеттешүүсү үчүн Азербайжан тарапка ыраазычылык билдирди.Учурда Азербайжандан эвакуацияланган жарандардын жакынкы күндөрү Кыргызстанга тез арада кайтып келиши үчүн зарыл болгон чаралар көрүлүүдө.

14-июндан 15-июнга караган түнү Иран Израилдин аймагында 100дөн ашык ракета жана учкучсуз учактар менен сокку урганын Fars агенттиги билдирген.

Израил Ирандын ядролук объекттерине сокку уруп, Ирандын жогорку аскер кызматкерлери каза тапканын Израилдин Коргоо аскери кабарлаган.

Reuters агенттигинин билдирүүсү боюнча, жекшембиге караган түнү Израил менен Иран бири-бирине сокку урду.

Сүрөттө: IRIB телерадио компаниясынын имаратындаг өрт. IRIB

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты