Ирандан Кыргызстандын 28 жараны эвакуацияланды
- 3 недели мурун
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ирандагы жана Азербайжандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен бирге Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо боюнча иш-чаралардын комплексин уюштурду.
Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын 28 жараны Иран Азербайжандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын кургак тилкесинин «Астара» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу ийгиликтүү кесип өттү.
Тышкы иштер министрлиги эвакуацияланган жарандардын коопсуз транзитин камсыз кылган ар тараптуу көмөк, жогорку деңгээлдеги уюштуруу жана конструктивдүү өз ара аракеттешүүсү үчүн Азербайжан тарапка ыраазычылык билдирди.
Учурда Азербайжандан эвакуацияланган жарандардын жакынкы күндөрү Кыргызстанга тез арада кайтып келиши үчүн зарыл болгон чаралар көрүлүүдө.
Reuters агенттигинин билдирүүсү боюнча, жекшембиге караган түнү Израил менен Иран бири-бирине сокку урду.
Бул арада Иран АКШ менен ядролук маселелер боюнча жекшемби күнү болчу сүйлөшүүлөрүн жылдырды.
14-июндан 15-июнга караган түнү Иран Израилдин аймагында 100дөн ашык ракета жана учкучсуз учактар менен сокку урганын Fars агенттиги билдирген.
Израил Ирандын ядролук объекттерине сокку уруп, Ирандын жогорку аскер кызматкерлери каза тапканын Израилдин Коргоо аскери кабарлаган.
Иллюстрациялык сүрөт: Reuters