Израил — Иран: Бири-бирине сокку урду
- 4 недели мурун
Reuters агенттигинин билдирүүсү боюнча, жекшембиге караган түнү Израил менен Иран бири-бирине сокку урду.
Бул арада Иран АКШ менен ядролук маселелер боюнча жекшемби күнү болчу сүйлөшүүлөрүн жылдырды.
14-июндан 15-июнга караган түнү Иран Израилдин аймагында 100дөн ашык ракета жана учкучсуз учактар менен сокку урганын Fars агенттиги билдирген. Израилдин Хайфад шаарында кеминде үч киши каза болуп, 20дай киши жабыркаганын Израил ЖМКсы кабарлады.
Ага жооп кылып, Израил Тегерандын нефть сактоочу жайларына, ошондой эле Йемендеги объекттерине да сокку урган.
Al-Arabiya телеканалы Хайфадда 20 кабат үйдүн үчөө талкаланганын маалымдаган.
Израил Ирандын ядролук объекттерине сокку уруп, Ирандын жогорку аскер кызматкерлери каза тапканын Израилдин Коргоо аскери кабарлаган.
Израиль менен Ирандын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандаргаи кырдаал толук турукташканга чейин Израилге баруудан баш тартууну сунуштайт.
Израилдин аймагында жүргөн КР жарандарына этият болуу жана коопсуздук чараларын сактоону сунуштады.
Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жарандар төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылса болот: КР Түркия Республикасындагы элчилиги: +905456896800;
Израилдеги Ардактуу консулдугу: +972 54 442 6498; КР ТИМ: + 996999312002.
Сүрөттө: Израил, Тамра. Ирандын ракеталык соккусунан кийин. 15-июнь 2025-жыл. Reuters