Бүгүн, 14-январда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотто KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун иши боюнча сот отуруму өттү.Кийинки сот отуруму 17-январга белгиленди.
Анын жактоочусу Нурсултан Жаныбеков сот отурумун сот арачыларынын катышуусунда кароо боюнча өтүнүч келтирди.
“Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 45-бөлүмүндө көрсөтүлгөн 2025-жылдын 1-январында күчүнө кирген сот арачылар жөнүндө мыйзамга ылайык, сотко өтүнүч келтирдик. Козголгон кылмыш ишти сот арачыларынын катышуусунда адилеттүүлүк менен карап беришин өтүндүк. Сот арачылары менен соттук отурум өтсө, анда биз Ташовдун актыгын, кылмыш ишине тиешеси жоктугун көрсөтүүгө бел байлайбыз” деди адвокат Нурсултан Жаныбеков.
2024-жылы 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкер Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтүн 8-февралга чейин узарткан. Сот залында Ташов өзүнө кол салып, мойнун тилип жиберген. Андан кийин аны эс-учун жоготкон абалда тез жардам кызматы менен ооруканага алып кетишкен.
Буга чейин да Имамидин Ташов ачкачылык кармап жатканын анын апасы Сайыпжамал Абдукайымова басма сөз жыйынында билдирген.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 2024-жылы 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.
«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды» деп айтылат УКМК маалыматында.
2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.
“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң деп араң чыгарышты” деди Имамидин Ташов.
Кийинки соттук отурум 17-январга белгиленди. Бүгүнкү отурумда Имамидин Ташов кечээ, 13-январдан тарта ачкачылык жарыялаганын билдирди. Ал буга №1 тергөө абагындагы мамилелер себеп болгонун айтты.
Сүрөт: Сүрөт: 14-январь 2025-жыл. «ПолитКлиника» / Жылдыз Джускембаева