Исхак Масалиев: “Адахан Мадумаров — азырынча депутат. Аны мандаттан ажыратуу аракеттери болууда”  (ВИДЕО)

Адахан Мадумаров — азырынча депутат. Негизги максат аны депутаттык мандаттан ажыратуу болуп жатат.   

Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев “ПолитКлиника” медиасынын “Тет-а-Тет”  берүүсүндө билдирди.  

-Баарыңыздар күбө болгондой, Адахан Мадумаровдун тегерегинде ар кандай саясий оюндар жүрүп, негизги максат мандаттан ажыратуу, соттоп, болгон-болбогон себептер менен мыйзамсыз, туура эмес жолдор менен мандаттан ажыратууга аракеттер болуп жатат.

Көбү билет, мен да катышып уккам, сотто “сиз күнөөлүүсүз, бирок мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу чара колдонбойлу» деп, ошол күнү эле Борбордук шайлоо комиссиясы жанталашып, депутаттык мандаттан ажыратылсын деген чечим чыгарды.

Чечим сотко берилип, сотто каралып жатат. Демек, Адахан Мадумаров азырынча депутат болуп жатат.

Ошонун баарын эске алып, акыркы учурда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын тегерегинде бир топ аппараттагы балдарды ар кыл себептер менен кызматтан кетиришкен.  “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы чоң куугунтукка ээ болгондон кийин, ал мага айтты, “соттор бүтмөйүнчө, фракцияны тапшырайын, фракцияны баштап бериңиз” деп сунуш бергенде, макулдук бердим.

Баары бир ичимде үмүт бар, адилеттүүлүк, чындык орун тапса, Адахан Мадумаров сөзсүз акталат. Бирок чоңдордун буйругун аткарабыз десе, эмне деп айта алабыз, тополоң кыла албайбыз. Бирок убакыт келгенде тазалык, адилеттүүлүк жеңет, албетте. Адахан сөзсүз акталат. Алардын кылган иштери жокко чыгарылат,-деди депутат Исхак Масалиев «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-Тет» берүүсүндө.

28-майда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Адахан Мадумаровдун Биринчи май райондук соттун чечимине каршы апелляциялык арызы боюнча сот отуруму өттү. Отурумга адамдардын бири жана анын жактоочусу келбей калганына байланыштуу арызды кароо 3-июнга жылдырылды.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. 26-апрелде Адахан Мадумаров абактан бошотулган.

26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында депутат Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан.

8-майда Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилген.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын андагы Адахан Мадумаровду 2023-жылы 12-сентябрда Бишкекте ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү тараткан. “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканы маалым болгон.

Мадумаровго «алдамчылык» беренеси боюнча дагы айып коюлган. Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

              

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты