Депутаттар Бишкек шаарында үйлөрдүн буздурулушу боюнча маселе көтөрдү

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 1-апрелде, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Исхак Масалиев, Улукбек Ормонов жана Элдар Абакиров Бишкек шаарында үйлөрдү бузуу маселесин көтөрдү.  

Депутат Исхак Масалиев “Киргизия 1, 2” жашоочулары мэриянын мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча кайрылышкандыгын билдирди:

-Баарыбыз күбө болуп жатабыз, бир киши “мобу жерди кеңейтип койгула деп, жолду алты тилкелүү кылсын” деп, мэр менен президенттин иш башкармалыгы чуркап барып, баарын талкалап жатат. Эмне болсо да баары мыйзам жолу менен болуш керек. Мүлк болсо деле, сатып алуу боюнча соттун чечими болуш керек. Анан 70-жылдардагы мыйзамга таянып туруп, мыйзамсыз эмес деп. Алты айдан кийин ал мыйзам күчүн жоготот деп жазылган экен. Ошого карабастан баарын талкалап, курулуштарды бузуп жатат. Курулуш болуш керек, бирок баары мыйзамдуу жол менен. Ошондуктан сунушум, арызды комитеттин атынан, мыйзамдуулук боюнча, карап берсин деп жөнөтсөк. Компенсация деген бар, ар кандай жолдору бар. Бирок “силер кеткиле, мен өзүмө үй салып жатыптырмынбы” деген сөздөрдөн алыс болуш керек. Кандай десе да, мамлекеттик бюджет бул элибиздин чөнтөгүнөн чыккан акча,-деди депутат Масалиев.    

Ал эми депутат Улукбек Ормонов “бузуу-снос” деген мода болуп кеткенин айтты:   

-Мен “снос” деген мода боюнча протоколдук тапшырма берген болчумун. Албетте, эл аралык маанидеги, республикалык маанидеги жолдор боюнча сөз жок, бирок шаарлардын эле эмес, айылдардын да ичинде ушундай иштер башталды. Башка иш жоктой сезилип жатат, губернатор, аким, мэрлер бири-бири менен жарышып, ким көбүрөөк бузат дегенге өтүп алышыптыр. Жанында кичинекей бульдозерлер жүрөт, шыңкылдатып, чекесин бузуп коет экен. Протоколдук тапшырма берилген. Муну 7 облустун губернаторлору боюнча маалыматтарды чогултуп, комитетте карашыбыз керек. “Киргизия-1” боюнча деле, комитеттин алкагында, карап, чакырып, маселени мыйзамдуу жолуна коюш керек,-деди депутат Ормонов.    

Депутат Элдар Абакиров да бул маселе боюнча оюн кошумчалады:

-Азыркы реконструкция боюнча мамлекеттик орган, эгер мэрия десек, мэрия так эсептеш керек. Эгер мыйзамдуу болсо, анда компенсация төлөп бериш керек. Болгону ошол. Мамлекет дагы ар бир жарандын мүлкүн сыйлап, мамиле кылыш керек деп ойлойм, -деди депутат Абакиров.

Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш комитети архитектура министрли жана Бишкек мэриясы менен бирге комитеттин көчмө жыйыны уюштурула турганы айтылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты