БШК Мадумаровду мандатынан ажыратты

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында депутат Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратуу маселеси каралды.

Буга Биринчи Май райондук сотунун чечими себеп болду.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес жана чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калган. 26-апрелде Адахан Мадумаров абактан бошотулган.

Адахан Мадумаровду былтыр 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен. Адахан Мадумаровго Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлгандыгы маалымдалган. Мадумаровго «алдамчылык» беренеси боюнча дагы айып коюлган. Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да шек саналып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты