Иранга каршы согушка АКШ катышабы-жокпу, Трамп эки жума ичинде жооп бермей болууда
- 3 недели мурун
АКШнын президенти Дональд Трамп эки жума ичинде АКШ Иранга каршы сокку урабы-жокпу, жооп бермей болууда.
Американын президентинин айткандарын Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт билдиргенин BBC News кабарлады.
Трамптын айтымында, Тегеран менен сүйлөшүү ыктымалдыгы сакталып турат.
“Иран менен сүйлөшүү ыктымалдыгы сакталып турган фактыга таянып, мен жакынкы эки жума ичинде чечим кабыл алам” деп АКШнын президенти билдиргенин басма сөз катчы Левит айтты.
The Wall Street Journal басылмасынын маалыматы боюнча, Трамп Иранга сокуу уруу планын кубаттады, бирок акыркы буйрукту бере элек. АКШнын президенти жардамчыларына билдиргендей, Иранга сокку уруу планын кубаттап, бирок Тегеран ядролук программасынан баш тартабы-жокпу, ошого карап чечим чыгармакчы.
ABC News басылмасы 17-июнда кийинки 24-48 саат Иран менен маселе дипломатиялык жол менен чечилеби же АКШ аскер аракеттерине барабы, белгилүү болуп калаарын жазды.
Ирандын жогопку лидери Али Хаменеи теле кайрылуусунда Иранга каршы аскер аракеттери аларга сөзсүз чоң жабыркоо алып келээрин билдирген.
Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы туруксуз кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жарандарына Иранга жана Израилге баруудан убактылуу баш тартууну, ошондой эле кырдаал жөнгө салынганга чейин аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүүнү эскертти.
Кыргыз Республикасынын 28 жараны Ирандан Азербайжан аркылуу эвакуацияланды.
Израил Ирандын ядролук объекттерине сокку уруп, Ирандын жогорку аскер кызматкерлери каза тапканын Израилдин Коргоо аскери кабарлаган.
14-июндан 15-июнга караган түнү Иран Израилдин аймагында 100дөн ашык ракета жана учкучсуз учактар менен сокку урганын Fars агенттиги билдирген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан